Анын айтымында, бул “согуш” саясий, экономикалык, маалыматтык жана укуктук багыттарды камтып, рублдын кунсузданышына, санкциялардын киргизилишине алып келди. Бирок маалыматтык согуштун кесепеттери эң эле кыйратуучу мүнөзгө ээ болду. Мындан улам Бастрыкин интернетке чектөө киргизүүнү сунуштап жатат.
Анын пикиринде, экстремисттик жана улутчулдук мүнөзгө ээ маалыматтарды таркаткан сайттарга тыюу салып, чагымчыл макалаларды соттун чечимисиз эле экстремисттик материалдардын федералдык тизмесине киргизүү шарт.
Бастрыкин чет өлкөлүктөргө жарым-жартылай же толугу менен таандык электрондук ММКларга тыюу салган Кытай бийлигинин чечимин мисал келтирди.
Террордук жана экстремистик ишмердүүлүктү каржылоого бөгөт коюу үчүн чиновник криптовалюталарды чыгаруу жана жүгүртүү үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүүнү сунуштады. Бастркин билдиргендей, тиешелүү мыйзам долбоору даяр.