Ссылки доступа

АКШ Жогорку соту Обаманын жарлыгын карайт


АКШ Жогорку соту бүгүн президент Барак Обаманын миллиондогон мыйзамсыз мигранттарды депортациядан коргоо боюнча буйругуна байланыштуу жүйөлөрдү угууну пландаштырууда.

Сот Обаманын аталган буйругу Конгрессте каралышы керекпи, ошондой эле штаттардын бийлиги федералдык бийликтин мигранттарды кабыл алуу жөнүндөгү чечимин сот аркылуу жокко чыгарганга укугу барбы же жокпу деген суроого жооп бериши керек.

Төмөнкү инстанциядагы сот Обаманын 2014-жылы кол койгон жарлыгын Конгресс миграциялык реформаларды колдобой койгондон кийин жокко чыгарган.

Эгер Обаманын буйругу күчүндө калса, бул АКШга мыйзамсыз келген, бирок мында төрөлгөн балдары АКШ жарандары болуп саналган мигранттарды легалдаштырууга жол ачмакчы.

Соттун чечими АКШнын миграциялык саясатына таасир эткендиктен, президенттик шайлоо кампаниясы учурунда бул боюнча кайрадан дебаттар күч алышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG