Ссылки доступа

Лионель Месси беш жүзүнчү жолу гол киргизди


Испаниялык «Барселона» жана Аргентинанын футбол боюнча курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси “Валенсияга” каршы испан примерасынын 33-турундагы матч учурунда беш жүзүнчү жолу гол киргизди.

Анткен менен бул гол «Барселонаны» өз талаасында 1:2 эсебинде жеңилүү ызасын тартуудан сактап кала алган жок.

УЕФА маалымдагандай, Мессинин спорттук карьерасында УЕФА Чемпиондор лигасында - 83 гол, УЕФА Суперкубогунда - 3, клубдук дүйнөлүк чемпионатта - 5, Испания чемпионатында - 309, Испания кубогунда – 39, Испания Суперкубогунда – 11 жолу гол киргизген. Ошондой эле Аргентина курама командасы үчүн расмий матчтарда 23, достук беттешүүлөрдө – 27 жолу ийгиликке жеткен.

Месси жылдын мыкты футболчусуна ыйгарыла турган “Алтын топ” сыйлыгын беш ирет алган жападан-жалгыз футболчу болуп саналат. Ал аталган сыйлыкка 2009, 2010, 2011, 2012, 2015-жылдары арзыган. Андан тышкары ал Испаниянын чемпионатында киргизилген голдордун саны боюнча да рекорддун ээси. Бардыгы болуп ал бул оюндарда 309 ирет дарбазага топ киргизген.

XS
SM
MD
LG