Ссылки доступа

Обама Путинди Асадга кысым көрсөтүү менен анын чабуулун токтотууга чакырды


АКШ президенти Барак Обама Орусия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу байланышып, Сириядагы согуштук иш-аракеттерди токтотуу жөнүндөгү келишимдин макамы боюнча тынчсызданып жаткандыгын билдирди. Бул туурасында Ак үйдүн басма сөз кызматы билдирди.

Президент Обама оппозицияга каршы чабуулду токтотуу үчүн Сирия режимине кысым көрсөтүү маанилүү экендигин баса белгиледи. Эки өлкөнүн лидерлери согуштук аракеттерди болтурбай, тараптардын бири-бирине кол салууларына бөгөт коюп, гуманитардык жардамдын жеткиликтүү болушун камсыздоого колунан келген аракетин жасоо милдетин мойнуна ала тургандыгын белгилешти.

Президент Обама Сириядагы жаңжалга чекит коюу үчүн саясий өткөөл мезгил жөнүндө сүйлөшүүлөрдү илгерилетүү зарыл экендигин белгиледи.

Ал президент Путинди Украинанын чыгышындагы согуштук иш-аракеттердин күчөшүнө каршы чара көрүүгө чакырып, Минск келишимин толук кандуу аткаруунун маанилүү экендигин баса белгиледи.

Кремлдин басма сөз кызматы билдиргендей, АКШ президенти Барак Обама Путинге Сирия бийлиги кармаган америкалык Кевин Доусту бошотууга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

XS
SM
MD
LG