Ссылки доступа

Орусиялык сүрөтчү Сергей Пономарев Пулитцеров сыйлыгына татыды


Орус сүрөтчүсү Сергей Пономарев  Пулитцеров сыйлыгын ээси болуп калды. Ал сынакка "Жаңылык сүрөтү" категориясында катышкан.

Мындай сыйлыкка Пономарев Жакынкы Чыгыштан Европага келген качкындардын бейнесин чагылдыргандыгы үчүн татыды. Өзүнөн башка дагы үч сүрөтчү менен ал Греция, Словения жана Венгрияда иштеди. Анын сүрөттөрүн "Нью-Йорк таймс" сыяктуу АКШнын алдынкы гезиттери басып чыгарды. Пономарев АКШдагы журналисттик жогорку сыйлыкка ээ болгон алгачкы орусиялык эмес. Буга чейин Пулицеров сыйлыгын "Ассошиэйтед пресстин" Москвадагы сүрөткорреспонденти Александр Земляниченко эки сапар багындырган. Пономарев менен бирге бозгундардын турмушун таасын чагылдыргандыгы үчүн Маурисио Лима, Тайлер Хикс жана Дэниел Эттер дагы ушундай эле сыйлыкка ээ болду.

XS
SM
MD
LG