Ссылки доступа

Крым татарларынын Межилиси экстремисттик уюмдардын катарына киргизилди


Орусиянын Юстиция министрлиги крым татарларынын Межилисин экстремисттик уюмдардын тизмесине киргизип, анын ишмердүүлүгүн токтотту. Мындай чечим Орусия аннексиялап алган Крымдын прокурору Наталья Поклонскаянын чечимине негизделип кабыл алынды.

Буга чейин Поклонскаянын мындай чечимин эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму сынга алган. Уюм мындай тыюу этностук азчылыктын укуктарын одоно түрдө бузарын билдирген.

Крым татарларынын өкүлдөрү бул чечимди “кылмыштуу” кадам деп сыпаттаган эле.

Крым татарлары жарым аралдагы эки миллион элдин 15% түзөт. Алардын көбү 2014-жылы Орусиянын аннексиялоосуна каршы болушкан. Андан бери Межилис лидерлеринин айрымдары камалып, кээ бирлерине издөө жарыяланган.

XS
SM
MD
LG