Ссылки доступа

Сирияга барууга ниеттенген тажик бийчиси абакка түштү


Тажикстандын түндүгүндө сот Сирияга согушка баргысы келген тажик бийчисине өкүмүн жарыялады.

Гүлистан шаарынын соту 28 жаштагы Равшаной Мирхожаеваны 12 жылга эркинен ажыратты. Ал Сириядагы куралдуу жаңжалга катышууга ниеттенгендиги үчүн күнөөлүү деп таабылды. Буга чейин селки түнкү клубдардын биринде бийчи болуп иштеп келген.

Судья Наргис Ёдгорзоданын ырасташынча, буга чейин Минск аэропортунда анын жолдошу Наврузшо Галлабонов камакка алынган. Ал Тажикстанга экстрадицияланып, 14 жылга түрмөгө кесилген болчу.

2012-жылы Равшаной Хоженттин түнкү клубдарынын биринде бийчи болуп иштеп турганда Наврузшо менен таанышкан. Кийинчерээк экөө чогуу түтүн булатып калышкан. Андан соң өз-өзүнчө Сирияга жөнөп кетүүнүн планын түзүшкөн. Равшаной Мирхожаева Дүйшөмбүдөн Стамбулга барууга даярданып жатканда жолдошунун Минскиде кармалганы жөнүндө билдирүү алып, билетин кайра тапшырган.

Согданын укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, акыркы жылдары облуста экстремизмге айыпталып 600гө чукул адам кармалган. Алардын 100гө жакыны ушул жылдын биринчи чейрегинде эле камакка алынган.

XS
SM
MD
LG