Ссылки доступа

Эквадор бийлиги курмандыктардын саны дагы өсөт деп кооптонууда


Эквадор бийлиги 18-апрелде эки күн мурдагы 7,8 баллдык жер титирөөдөн мерт болгондордун саны кеминде 350 кишиге жеткенин, жаракат алгандар да бир канча миңдеп саналып жатканын кабарлады.

Кыйраган имараттар астында көптөгөн адамдар калып калышы мүмкүн болгондуктан курмандыктар саны дагы көбөйүү ыктымалдыгы бар.

Издөө иштерине Швейцария, Испания жана Латын Америкасындагы бир катар өлкөлөрдөн жардамга келген куткаруучу топтору кошулду.

16-апрелдин кечиндеги зилзаланын очогу Тынч океан жээгиндеги Муисине шаарынан түштүк-чыгышка карай 28 чакырым аралыкта болгон. Силкинүү күчү бул жерден 150 чакырымдай алыстыкта жайгашкан баш калаа Китодо да катуу сезилип, адамдар теңселген имараттардан сыртка качып чыккан.

Бул Эквадордо 1979-жылдан берки эң катуу жер силкинүү болду. 37 жыл мурдагы зилзалада 600 адамдын өмүрү кыйылып, 20 миңдей киши жаракат алган.

XS
SM
MD
LG