Ссылки доступа

Кыргызстанда камактагыларды «сорттой турган болушту”


Кыргызстанда экстремисттик жана террордук кылмыш жасагандарды камактагы башка адамдардан бөлүп отургуза турган болушту.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Алмазбек Атамбаев Жаза-аткаруу кодексине тийиштүү оңдоолорду киргизүүнү караган мыйзамга кол койду.

Парламент мыйзамды 2016-жылдын 16-мартында кабыл алган. Ал расмий жарыялангандан 10 күн өткөн соң күчүнө кирет.

Мыйзам түрмөлөрдө экстремисттик үгүт иштердин жүргүзүшүнө бөгөт коюуну камсыздоого багытталган.

Расмий маалыматтарга таянсак, 500гө жакын кыргызстандык, анын ичинде 122 аял Ирак менен Сирияда террорчулардын катарында согушуп жүрөт. Алардын 40ка жакыны майданда каза тапкан.

XS
SM
MD
LG