Ссылки доступа

Талибан башчыларынан айрылууда 


Ооган бийлиги маалымдагандай, 17-апрелде өкмөттүк күчтөрдүн Кундуз шаарында жүргүзгөн операциясынын натыйжасында Талибан кыймылынын барктуу командирлеринин бири болгон Мухибулла Хакъёр менен анын 7 согушчаны жок кылынган.

Калъаи Зол уездинин башчысы Махбубулло Сохибинин айтымында, Кундузду басып алууга болгон натыйжасыз аракетинен кийин талибдер киши жашабаган аймактарда жашырынып жүрүшкөн. Бирок алар анчалык көп эмес. Талибанчылардын арасында Тажикстан менен Өзбекстандан келген жалданма согушчандар бар.

Кечээги салгылашта 8 жансыз дененин ичинен Мухибулла Хакъёрдин гана өздүгү тастыкталган. Командир Калъаи Зол уездинде төрөлүп, мина коюу боюнча адис болуп саналган.

Кундуз провинциясынын бийлиги кабарлагандай, акыркы күндөрү өкмөттүк күчтөр менен талибдердин ортосундагы кагылышууларда Талибан кыймылынын дагы эки командири - Мулло Саддам менен Хабиб Насри өлтүрүлгөн. Мулло Саддам өзүнүн 8 согушчаны менен Катта-Хейл деген жерде, ал эми Хабиб Насри 5 жөөкөрү менен Кундуз шаарын басып алууга аракет кылуу учурунда Жаргузар деген жерде жок кылынган.

XS
SM
MD
LG