"Движение" кеңешинин тең төрагасы Григорий Мелконьянцтын РБК агенттигине берген маегине ылайык, ассоциация чет элдик агент экенин тастыктаган маркировкасын көрсөткөн эмес.
Буга чейин бул сыяктуу жүйө менен мынчалык ири өлчөмдөгү айып пул салынган эмес. “Голос” ассоциациясы федералдык жана регионалдык шайлоо учурунда байкоочуларды окутуп, көзөмөл жүргүзүү жараянын даярдайт.