Ссылки доступа

Тажик президентинин аппаратынан “коррупционерди” табышты


Прокуратура Тажикстан президентинин Аткаруу аппаратынын маалымат-коммуникациялык технологиялар борборунун мурдагы башчысы Кадамжон Сафизодага каршы кылмыш ишин козгоду. Ал “мыйзамсыз ишкерлик” боюнча айыпталып жатат.

Эгер анын күнөөсү аныкталса, үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Буга чейин Тажикстандын Ички иштер министрлиги Кадамжон Сафизоданын кармалганын кабарлаган. 3-апрелде эле анын колго түшкөндүгү жөнүндө маалыматтар таркап, бирок 18-апрелде гана бул расмий түрдө тастыкталган. Азыр Сафизода Дүйшөнбүдөгү №1 убактылуу тергөө абагында.

Кадамжон Сафизода мамлекеттик каражатты максатсыз пайдалануу, пара талап кылуу беренелери менен айыпталып жатат. Ал байланыш кызматына 23 жашында жумушка орношуп, 26 жашында эле бул түзүмдүн башчысынын орун басарлыгына дайындалган.

“Азаттыктын” тажик кызматынын укук коргоо органдарындагы өздүк булагы билдиргендей, Сафизода өзү иштеген борборго бир жаранды жумушка орноштуруу үчүн пара алып жаткан жеринен колго түшкөн. Кылмыш ишин ИИМ менен прокуратуранын тергөөчүлөрү биргеликте иликтөөдө.

XS
SM
MD
LG