Ссылки доступа

Кабулда жардыруу курмандыктарынын саны 28ге жетти


Ооганстан баш калаасы – Кабул шаарында жанкечти уюштурган чабуулдан мерт кеткендердин саны бери дегенде 28 адамга жетти. Расмий булактар 300дөн ашуун киши жараат алганын кабарлады. Мерт кеткендер арасында жайкын тургундар жана күч кызматкерлери бар.

Окуя 19-апрелде эртең менен Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук кызматынын имараттарына жакын жерде болгон. Кабарларга караганда, жанкечти унаа ичинде өзүн жардырган. Анын артынан атышуу болгон. Жардырууга жоопкерчиликти “Талибан” тобу өзүнө алды.

Талиптер 12-апрелден тарта “жазгы чабуулдар” башталганын жарыялаган болчу.

Мамлекет башчы Ашраф Гани окуяны “террордук кол салуу” деп атап, мындай чабуул ооган бийлигинин терроризмге каршы күрөшүн солгундата албастыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG