Ссылки доступа

Савченко Порошенко менен сүйлөшкөндөн кийин ачкачылыгын токтотту


Надежда Савченко Украина президенти Петр Порошенко менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин ачкачылыгын токтотту. Бул туурасында Твиттерге анын жактоочусу Илья Новиков жазды.

Надежда Савченко менен президентен тышкары апасы, бир тууганы жана Жогорку Раданын вице-спикери Ирина Геращенко да байланышып, ден соолугуна кам көрүүсүн өтүнүшкөн.

Жактоочунун айтымында, Киевде соттолгон орусиялык жарандар- Александр Александров менен Евгений Ерофеевди Надежда Савченкого айырбаштоо боюнча украин юристери болгон мүмкүнчүлүктөрдү иштеп чыгышты.

Буга чейин Порошенко Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Савченкону бошотуунун жол-жоболорун макулдашканын жарыялаган. Кремл украин учкучунун тагдыры жөнүндө чындап эле сөз болгонун тастыктады. Бирок орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул жөнүндө кененирээк маалымат берүүдөн баш тартты.

Савченко эки журналисттин өлүмү үчүн күнөлүү деп табылып, 22 жылга эркинин ажыратылган. Бирок ал айыптарды четке кагып, ачкачылык жарыялап келет.

XS
SM
MD
LG