Ссылки доступа

Орусия: маданият министринин орун басарынын мүлкү камакка алынды


Москванын Лефортовск соту маданият министринин орун басары Григорий Пирумовдун мүлкүн камакка алды. Ал 100 миллион рублдан кем эмес бюджеттик каражатты уурдап алган деп айтыпталууда. Акча маданий мурастарды оңдоп-түзөө үчүн бөлүнгөн.

Соттун басма сөз катчысы Екатерина Красонова министрдин орун басарынын кайсы мал-мүлкү камакка алынганын так айткан жок.

"Интерфакстын" өздүк булагынын билдиришинче, Пирумовдун тергөө учурунда табылган банктык эсеби камакка алынган. Ал кеп ондогон миллион рубль жөнүндө болуп жатканын кошумчалаган.

Кылмыш ишин Федералдык коопсуздук кызматы иликтеп жатат. Тергөөнүн маалыматы боюнча Пирумов эстеликтерди калыбына келтирүү иштерин жогорку баа менен уюштурган. Ал күнөөсүн моюнга алган жок. Кылмыш иши боюнча жалпысынан алты киши кармалды.

XS
SM
MD
LG