Ссылки доступа

Аялзатын сабаган ташкенттик тартип сакчы иштен бошотулду (видео)


Ташкен шаарынын  Фархад махаллесинин тилкелик тартип сакчысы Иззатилла Хашимов 15-апрелде 55 жаштагы аялды сабагандыгы үчүн кызматтан бошотулду.

"Азаттыктын" өзбек кызматына өздүк булагы кабарлагандай, инспектор Хашимов аталган айылдын тургундарынын көзүнчө улгайган аялды тээп жибергендиги үчүн кызматынан ажыраган.

Окуяны чагылдырган тасма чоң чуу жараткан. "Азаттыктын" өзбек кызматынын кабарчысы Хашимовдон алган маегин коомчулукка жарыялагандан кийин аны иштен бошотуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Үч күн мурун анын ордуна Фазлиддин Исраилов дайындалганы айтылууда.

Күбөнүн айтымында, аялды тынчтандыргысы келген тартип сакчы унаасынан кир чүпүрөк алып чыгып, аялдын оозуна тыкканга аракет кылган. Ал каршылык көрсөткөн маалда инспектор аны бет талаштыра бир тээп, сөгүп жиберген. Чатак 3 саатка жакын созулган. Көрүп тургандардын эч кимиси кийлигишкен эмес.

XS
SM
MD
LG