Ссылки доступа

Казакстан басма сөз эркиндиги рейтингинде 160-орунду ээледи


“Чек арасыз кабарчылар” уюму дүйнөнүн бир катар өлкөсүндө басма сөз эркиндигинин деңгээли төмөндөп кеткендигине көңүл бурган. Бул туурасында бүгүн жарыяланган “Басма сөз эркиндигинин бүткүл дүйнөлүк индексинде” айтылат.

Уюм көз карандысыз ММК барган сайын диний идеологиялар менен кеңири үгүттөөнүн таасиринде калып жаткандыгын белгилейт. "Бүткүл дүйнө боюнча олигархтар ММКларды сатып алып, аларга болгон өкмөттүк кысымга кошул-ташыл өздөрү да кысым көрсөтүүгө умтулуп келишет”, - деп айтылат уюмдун отчетунда.

Казакстан бул сапар былтыркыдай эле, 180 өлкөнүн ичинен 160-орунду ээлеген. Ал басма сөз эркиндиги өтө төмөнкү деңгээлде болгон өлкөлөрдүн катарын толуктайт. Ага жанаша Египет (159) менен Руанда (161) турат. Кыргызстан бул рейтингде 85чи, Өзбекстан 166-орундарды ээлеген.

Отчеттун Казакстанга арналган бөлүгүндө репрессиялык көрүнүштүн басаңдашы кыйын экендиги белгиленген. Экономикалык каатчылыктын тереңдеши жана “эл башы” аталган президент Нурсултан Назарбаевдин жашы бир топко келип калгандыктан, баарынан шекшинип, көзөмөлдү күчөтүп жаткандыгы айтылат.

Мындан тышкары 2013-жылдан тартып Казакстанда жаңы оппозициялык гезиттерди чыгарууга тыюу салынганы белгиленген. Укук коргоочулар жазгандай, жаңы көз карандысыз басылма жарык көргөндөн бир нече ай өтпөй эле жабылып калып жатат. Бийликке жакпаган журналисттер такай соттук куугунтуктоого алынууда.

Баяндаманын авторлору Интернетке болгон көзөмөл да күчөтүлгөнүнө көңүл бурушкан.

XS
SM
MD
LG