Ссылки доступа

Ысык-Көл рекорддук сандагы орусиялык туристтерди күтөт


Ысык-Көл районунда бул жылы туристтик сезон бир ай эрте ачылат. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар кызматына аким Раимбек Имангазиев билдирди.

- Жыл сайын эс алуу жайлары, пансионаттар конок тосконго июнь айынын аягында толук даяр болгондуктан эс алуучулар да ошол мезгилде келе баштачу. Бирок бул жылы биз өзгөртүү киргизип, азыртадан баштап даярданып жатабыз. Негизги жумуштардын бири - экологияны коргоо жана коопсуздукту камсыздоо. Биосфералык аймактагы экологияны таза сактоо үчүн биринчи кезекте суу тосмолор, суу түтүктөр тазаланууда, - деди аким.

Район боюнча жалпысынан 156 ири пансионат болсо, анын 10у жыл бою иштейт.

Travel.ru туристтик кызматынын маалыматына ылайык, Ысык-Көл КМШдагы эң белгилүү беш эс алуу жайдын катарына кирет.

Туроператорлорунун божомолу боюнча 2016-жылы Кыргызстан орусиялыктар үчүн негизги багыт болуп калмакчы. Быйыл өлкөгө 100 миңден ашык орус туристтери келет деп күтүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG