Ссылки доступа

Кытай Кыргызстанда чакан ГЭС курууга 4 млрд доллар инвестиция салууга даяр


Кытай компаниялары Кыргызстанда чакан ГЭСтерди курууга 4 миллиард долларлык инвестиция салууга даяр. Бул туурасында парламент депутаты Автандил Кулбараков кытайлык инвесторлор менен болгон жолугушуудан кийин билдирди.

Анын айымында, кытай тарап үзгүлтүксүз иштөө үчүн шарт түзүп берүүнү өтүнгөн. Алар кызыкдар болгон бардык долбоорлор өкмөттүн кароосуна коюлат.

Кулбараков кытай компаниялары Көкөмерен дарыясына (Кызыл-Ой айылынан Сары-Камышка чейин) тоннелдик ГЭС курууга даяр экендигин кошумчалады. Анын кубаттуулугу 950 мегаватт жана долбоорлук наркы 1,2 миллиард долларды түзөт.

«Кытай инвесторлору ГЭСти 2-3 жыл ичинде куруп бүтүшөт. Жумшалган чыгымын 5 жыл ичинде Кытай менен Пакистанга электр энергиясын экспорттоо аркылуу актап алышат. Андан соң ГЭС толугу менен мамлекеттин карамагына өтөт. Ошентип, 8 жылдан кийин Кыргызстанда ири ГЭС пайда болот. Бул абдан пайдалуу долбоор”, - деди Кулбараков.

XS
SM
MD
LG