Ссылки доступа

Жүз жылдан бери биринчи жолу 20 доллардык банкнотко аялдын сүрөтү түшүрүлөт


Жаңы 20 доллардык банкнотко кулчулукка каршы күрөшкөн афроамерикалык активист Гарриет Табмендин сүрөтү түшүрүлөт. Бул туурасында Би-Би-Си сайты АКШнын Каржы министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.

Ал акыркы 100 жылдан кийин америкалык банкнотко түшүрүлгөн алгачкы аял болуп саналат. Ага чейин мындай урматка биринчи леди Марта Вашингтон арзыган. Анын сүрөтү 1891-1896-жылдар аралыгында чыккан бир долларлык күмүш сертификатка түшүрүлгөн. 1865-1869-жылдар аралыгындагы 20 долларлыкта Канайым Покахонтастын элеси бар болчу.

Гарриет Табмен АКШнын жетинчи президенти Эндрю Жексондун портретин алмаштырат.

Өткөн жылы Каржы министрлиги 10 долларлык банкноттогу АКШнын каржы системасынын негиздөөчүсү Александр Гамильтондун сүрөтүн алмаштырарын билдирген. Бул демилге америкалык коомчулук тарабынан терс кабылданган.

XS
SM
MD
LG