Ссылки доступа

Порошенко орус тасмаларын көрсөтүүгө тыюу салды


Украина президенти Петр Порошенко 2014-жылдын 1-январынан кийин тартылган орус тасмаларын көрсөтүүгө тыюу салган мыйзамга кол койду. “Киноматография жөнүндөгү” мыйзамга Жогорку Рада марттын аягында өзгөртүүлөрдү киргизген.

Мыйзамды Раданын 237 депутаты колдогон. Буга чейин Украинада Орусия күч түзүмдөрүн даңазалаган баардык тасмаларга чектөө киргизилген болчу.

Мыйзам долбоорунун максаты маалымат чөйрөсүндө Украинанын улуттук коопсуздугун коргоо үчүн укуктук ченемдерди жакшыртуу болуп саналат.

Авторлор белгилегендей, документ коомчулуктагы жикчил маанайды басаңдатууга көмөк берип, мамлекеттин кадыр-баркын бекемдейт.

XS
SM
MD
LG