Ссылки доступа

Иран Тажикстанга экспортту чектеди


Ирандын соода-өнөр жай палатасы өлкөнүн Тажикстанга жөнөтө турган экспортуна чектөө киргизилгендиги туурасында маалымат жарыялады.

Расмий сайтта Тажикстан менен соода алакасы бар ишкерлер жана компанияларга эскертме берилген. Жаңы эрежелерге ылайык, өндүрүлгөн продукцияга тажик тилинде эн белги коюлушу керек. Тажикстандын суроо-талабы боюнча иран товарлары тажик тилиндеги мүнөздөмөсүз экспортко чыгарылбайт.

Иран парламентинин төрагасы Али Ларижони Москвада өткөрүлгөн Евразия чөлкөмүндөгү 19 өлкөнүн парламент спикерлеринин кеңешмесине катышкан. Ал жерде тажик кесиптеши Шүкүржон Зухуров менен эки өлкө ортосунда жаралган бажы чектөөлөрү жөнүндө маселени талкуулаган. Иран ММКлары билдиргендей, Лариджони Зухуров менен болгон жолугушууда көйгөй чечиле тургандыгы айтылган.

Өткөн жумада айрым ишкерлерге иран товарларын ташып келүүдөн баш тартуу сунушталган.

Тажикстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги ушул жылдын биринчи чейрегинде Ирандан келген импорт 50 пайызга азайгандыгын кабарлады. Иран Тажикстандын негизги беш соода өнөктөшүнүн бири болуп саналат.

XS
SM
MD
LG