Ссылки доступа

Улуу Британия ханышасы Елизавета II бүгүн 90 жашын белгилейт 


Бүгүн Улуу Британия ханышасы Елизавета II 90 жашка толду. Ал такка отурганына 64 жыл болду.

Елизавета II британ мамлекети менен Улуттар шериктештигинин башчысынын милдетин аркалап келет. Маараке бүгүн гана эмес, май жана июнь айларында да белгиленет.

21-апрелдеги туулган күнүн Елизавета II Виндзор хансарайында үй-бүлөсү жана жакындары менен белгилейт. Ал эми 12-майдан 15-майга чейин Виндзор сейил багынын 25 миң адамды батырган чоң майданында миңден ашуун музыканттар, ырчылар, бийчилер жана башка артисттердин катышуусу менен майрамдык кече уюштурулат.

Алардан тышкары ханышанын жылкыга жана ат чабыштарга болгон кызыгуусун эске алуу менен тогуз жүз чабандес да өнөрлөрүн көрсөтүшмөкчү.

18-кылымдан бери келе жаткан салтка ылайык, британ монархтарынын туулган кундөрүнө арналган расмий салтанаттар июнь айынын экинчи же үчүнчү ишембисинде өткөрүлөт. Бул мезгилде ачык асман алдында иш-чараларды, анын ичинде падышалык гвардиянын аскердик жүрүшүн өткөрүүгө ылайыктуу болот. Расмий салтанаттар үч күнгө созулуп, 10-июндан 12-июнга чейин өтөт.

XS
SM
MD
LG