Ссылки доступа

Өзбекстан жарандарын депортация кылган Орусия сынга кабылды


Эл аралык укук коргоочу Amnesty International уюму Өзбекстан жарандарын жапырт депортация кылуу менен “жардамга кол сунган"  Москваны айыптоодо.

Уюмдун баяндамасында белгиленгендей, баш калка сурагандар, бозгундар жана жумушчу мигаранттар күч менен депортацияга туш болушту. Алар мекенине кайтканда коркутууларга жана кыйноолорго кабыларына карабай, орус бийлиги Ташкент менен кызматташууда деп жарыялады уюм.

AI баяндамасында айтылгандай, Орусия айрым жарандарды кайтарып берүүгө макул болбогон учурда, Өзбекстандын атайын кызматы аларды уурдап кеткен окуялар болгон. Өзбекстан бийлиги саясий каршылаштарын куугунтуктоого алуу жараянын терроризм менен күрөшүү компаниясы катары көрсөтүп, актангысы келет.

XS
SM
MD
LG