Ссылки доступа

Ереванда Орусиянын ТИМ башчысынын келишине каршы митинг өтүүдө (видео)


Бүгүн Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров армян кесиптеши Эдвард Налбандян менен жолугат.

Бул жолугушуунун алдында Армениянын жарандык активисттери Орусиянын тышкы саясат түзүмүнүн башчысынын сапарын жактабай, каршылык акциясын өткөрүштү.

Катышуучулар Еревандагы Эркиндик аянтчасынан Орусиянын элчилигин көздөй жөө жүрүш жасап, ортодо полиция менен кагылышты.

Активистер Тоолуу Карабактагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн Лавров армяндарга каршы план алып келди деп эсептешет. Алар мындан тышкары Азербайжанга орусиялык курал-жарактарды сатууну токтотууну талап кылышты.

Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров Ереванга 21-апрелде келген. Иш сапар учурунда эки тарапттуу кызматташтык жана Тоолуу Карабактагы абалды жөнгөрүү маселелери талкууланат.

Протест против визита Лаврова в Ереван
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:00:50 0:00

XS
SM
MD
LG