Ссылки доступа

Казакстан: Темиртоодогу кризистик борбор жардамга муктаж


Аялдарга жана балдарга убактылуу баш калкалоочу жай берген Караганда облусундагы Темиртоо шаарындагы жалгыз кризистик борбор демөөрчүлөргө муктаж. Жетекчилиги жашоочуларга социалдык түйүндөр аркылуу жардам сурап кайрылды.

Кризистик борбор үч жылдан бери оор кырдаалга кабылган аялдар менен балдарга убактылуу баш паанек берип келет. Бул жерде каттоого турууга, жөлөк пул алуу үчүн документтерди даярдоого, социалдык турак-жай алууга, бала бакчага орноштурууга көмөк көрсөтүлөт.

Борборго келген аялдардын 80 пайызы-балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары. Азыр мында эки аял балдары менен жашайт. Имарат 12 адамга ылайыкташтырылган, бирок зарыл учурда 15 кишини деле сыйындырат. Түз эле төрөтканадан чыгып, ымыркайы менен борборго келген аялдар дагы болгон.

Кризистик борбор Жапония элчилиги бөлгөн, 13 миллион тенгеге курулган. Мамлекеттик атайын тапшырмалар жана демөөрчүлөрдүн каражаты менен иштеп келген. Бирок ушул жылдын январь айынан бери борборду мамлекеттик түзүмдөр каржылбай калды. Мындан улам кызматкерлер социалдык түйүндөр аркылуу жардамга сураганга муктаж болушууда.

XS
SM
MD
LG