Ссылки доступа

Өзбекстанда тартип сакчысы банк тоноду


Башында тартип сакчысы турган уюшкан кылмыштуу топ Өзбекстандын Хорезм облусундагы Багат районундагы «Микрокредитбанкка» кол салган. Уурдалган 45 капта 16 миллиондон ашык сум (2600 АКШ долларына тете) каражат бар болчу.

Борбордук Азия Жаңылыктар Кызматынын өздүк булактары билдиргендей, алар банктын имаратына көбүрөөк зыян келтирген. Биринчи кабаттагы темир тосмону сындырышкан, сейфти, белги берүүчү системаны талкалашкан.

Кылмыштын бети тез эле ачылып, акча салынган 45 кап банкка кайтарылды. Эми тоноочулар 16 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн. Мындай окуя Өзбекстандын банктарындагы накталай акчанын жетишсиздигин айгинелеп койду.

Ири стратегиялык объектилердин кызматкерлерине маяна жана улгайган адамдарга пенсия төлөө үчүн накталай акчанын жетишсиздигине даттанган учурлар көбөйүүдө. Буга чейин көптөгөн өзбекстандыктар чет жактагы туугандары салган акчаларды банктардан ала албай жаткандыктарын айтышкан.

XS
SM
MD
LG