Ссылки доступа

ИМ экстремисттик тобунун тажик эмиссары Анас Сирияда өлтүрүлдү


Жүздөгөн жердештерин “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна азгырган деп шектелген жаш тажик жигиттин Сирияда өлтүрүлгөндүгү кабарланууда.

Тажикстандын укук коргоо органдары 21-апрелде маалымдагандай, Нурек шаарынын 26 жаштагы тургуну, “Анас” деген каймана аты бар Анушервон Азимов Сирияда өлтүрүлгөн. Ал жүздөгөн мекендештерин “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна азгырган деп шектелип жаткан.

Буга чейин Тажикстандын бийлиги акыркы эки жылда Москвада жаштарды “Ислам мамлекети” террордук уюмуна азгырып жүргөн Анушервон Азимовго издөө жарыяланганын билдирген.

“Анас” жөнүндө маалымат укук коргоочуларга жарым жыл мурун эле келип түшкөн. Анда ал Орусияда болчу, бирок издөө жарыяланар замат изин суутуп кеткен.

XS
SM
MD
LG