Ссылки доступа

АКШ Орусияны крым татарларынын Межилисин жойгондугу үчүн сындады


Кошмо Штаттар Орусияны крым-татар калкынын Межилисин экстремисттик уюм деп табуу жөнүндөгү чечимди жокко чыгарууга чакырды. Бул жөнүндө АКШ Мамдепартаментинин өкүлүнүн билдирүүсүндө айтылат.

Межилис көптөн бери тарыхый эзүүдө жүргөн крым татарларынын өкүлчүлүк органы болуп саналат. Анын крым-татар калкынын маданиятын сактоо менен басмырлоодон коргоо үчүн мааниси чоң. Межилистин ишине тыюу салуу демократиянын бардык принциптерине каршы келет деп жазылган билдирүүдө.

АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Крым башка мамлекеттин карамагында экенин жана анда орусиялык мыйзамдар иштебей тургандыгын эскертип, Орусияны жарым аралды Украинага кайтарып берүүгө чакырды.

18-апрелде Орусиянын Юстиция министрлиги аннексияланган Крымдын прокурору Наталья Поклонскаянын чечими менен крым-татар калкынын Межилисин экстремисттик уюмдардын катарына киргизип, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салган.

Киевде Межилистин ишине тыюу салуу фактысы боюнча “крым-татар элинин улуттук ар-намысын атайлап басынткандыгы” үчүн кылмыш иши козголду.

Орусия бийлигинин бул чечимин эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму да айыптады.

XS
SM
MD
LG