Ссылки доступа

Башкы прокурордун иниси баңгизат менен кармалганы тастыкталды


2016-жылдын 9-апрелинде “Кордай” өткөрүү бекети аркылуу Казакстанга бараткан Кыргызстан жараны Жолдубаев Эрмек Ырысбаевич саат 13.55те гашиш менен кармалган. Бул жөнүндө «АКИpress» маалымат агенттиги Казакстандын Чек ара кызматына шилтеме берүү менен билдирди.

Агенттиктин маалыматы боюнча Жолдубаевге карата Казакстандын Чек ара кызматы сотко чейинки иликтөө иштерин баштады. Материалдар ошол эле күнү Жамбыл облусунун Кордай районунун прокуратурасына берилген.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө 1987-жылы туулган Жолдубаев Эрмек Ырысбаевичтин маңзат менен кармалгандыгы жөнүндө маалымат жарыяланган.

Анын шымынын оң чөнтөгүнөн кара-жашыл түстөгү, ачык суу жыттанган зат салынган полиэтилен мүшөкчө алынган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна караганда, бул зат-салмагы 2,03 грамм болгон баңгизат.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы Э.Жолдубаевдин кармалгандыгын четке каккан болчу. «Интернетте Казакстандын аймагында 9-апрелде башкы прокурордун тууганы делген адам менен болгон окуя тууралуу маалымат жайгаштырылган. Бирок белгилеп кое турган нерсе - Жолдубаев Эрмек Ырысбаевич азыркы тапта Бишкек шаарында, ал 2016-жылдын 9-апрелинде Кыргызстандан Казакстанга да, Казакстандан Кыргызстанга да баруу үчүн мамлекеттик чек арадан өткөн эмес”.

Эрмек Жолдубаев өлкөнүн башкы прокурору Индира Жолдубаеванын иниси.

XS
SM
MD
LG