Ссылки доступа

Казакстанда жер сатууга каршы митинг өттү (видео)


Казакстандын Атырау шаарында 1000ге чукул адам Жер кодексинин өзгөрүшүнө каршы нааразычылык акциясын өткөрүштү.

Өлкөнүн борборундагы Исатай мен Махамбет аянтына чогулгандар «жерди чет элдиктерге ижарага берүүгө жана сатууга» каршы экендиктерин билдиришти. Алар аянтка келген калаа акими Нурлан Ожаев менен облус акиминин орун басары Салимжан Накпаевге өз талаптарын айтышты.

Казакстандын Жер кодексине былтыр күздө киргизилген өзгөртүүгө ылайык, быйыл июль айынан тарта айыл чарба жерлери казак жарандарына аукцион аркылуу жеке менчикке сатыла баштамак, ал эми чет элдик жарандарга 25 жылга ижарага алууга уруксат берилмек. Бул Казакстанда кызуу талкууларды жаратты.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келип, Жер кодексине өзгөртүү киргизүү коомдун кызыкчылыгына коркунуч келтирбесин, митинг мыйзамсыз экенин эскертишти. Аким чогулгандардын талабын өкмөткө жана парламентке жеткирүүгө сөз берген соң, чогулгандар тарап кетишти.

Активисттер митинг өткөрүү үчүн акимчиликке он күн мурун билдирме беришкен, бирок уруксат ала алышкан эмес.

(тасманын логотиби жок түп нускасы бул жерде:https://rfeftp.rferl.org/?ShareToken=BF478FAC4DFC107E874224403D33498A494465B2 )

XS
SM
MD
LG