Ссылки доступа

Обама менен Меркель Орусияны Минск келишимин сактоого чакырды


АКШ президенти Барак Обама менен Германиянын канцлери Ангела Меркель Ганновердеги жолугушуу учурунда Украинанын чыгышындагы убактылуу жарашуу талаптары дале бузулуп жаткандыгын белгилешти. Меркель Минск келишимин тез арада камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Барак Обама АКШ, Германия жана Франциянын мамлекеттердин суверендүүлүккө жана аймактык бүтүндүккө болгон укуктарын сактоо жаатында өз ара биргелешип аракеттениши маанилүү экендигин айтты. Обама менен Меркель Орусияга каршы санкцияларды Минск келишими так аткарылганда гана алып салса боло тургандыгын баса белгилешти.

Биргелешкен басма сөз жыйынында президент менен канцлер АКШ менен Германиянын мигранттар менен качкындардын көйгөйүн чечүү маселесинде өнөктөш болушу маанилүү деп белгилешти. Меркелдин сөзүнө караганда, миграция көйгөйү Сириядагы куралдуу жаңжалдын кесепети болуп саналат. Аны чечүү үчүн Сирия боюнча Женева тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышкан мамлекеттерди тартуу керек.

АКШ Ганноверде жылына өткөрүлүүчү жарманкеге өнөктөш өлкө катары алгачкы жолу катышууда.

XS
SM
MD
LG