Кол коюудан баш тарткандардын арасында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан бар. Аймактан Ооганстан менен Тажикстан гана аталган келишимди колдоп беришти.
БУУнун Климаттык саммити Парижде 2015-жылдын 30-ноябрынан 12-декабрына чейин өткөн. Анын жыйынтыгы боюнча 196 мамлекет жаңы келишимди бекиткен. Келишимде 2020-жылдан кийинки парник газынын абага аралашуусунун ченемдери аныкталып, климаттын өзгөрүшүн бөгөт коюу чаралары камтылган.
Документте Жердеги орточо температуранын жогорулашын 2100-жылга карата азыркы көрсөткүчкө салыштырмалуу 2 Цельсий градустан ашырбоо дүйнөнүн 196 өлкөсүнүн жалпы максаты экендиги айтылган. Ошондой эле аны 1,5 Цельсий градус тегерегинде кармоо зарылдыгы белгиленген.
22-апрелде документке 175 өлкөнүн өкүлү кол койгон.
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Париж климаттык саммитине катышкан. Ал абага зыяндуу заттарды чыгарууну 30% пайызга азайтууга убада берип, Нарын дарыясына ГЭСтерди курууга дүйнө коомчулугун чакырган.