Полиция Бодрум шаарында атайын операция жүргүзүп, кулчулукта жүргөн 18-25 жаш курактагы 13 кызды куткарган. Алардын он бири Кыргызстандан болуп чыкты. Калгандары Грузия жана Өзбекстандан экендиги аныкталды.
Грузиялык кыздын айтымында, анын паспортун алып коюшкан жана сойкулук менен алектенүүгө мажбурлашкан. Бул шаарда өзү сыяктуу тагдырга туш болгондор арбын.
Атайын операция учурунда сойкулардын уясын уюштуруп, акча тапкан бир адам кармалып, айып тагылды.