Ссылки доступа

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт


Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен жүзөгө ашырылат. Бул жөнүндө  билим берүү жана илим министри Ерлан Сагадиев билдирди.

«12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн милдети балдарды эптеп эле дагы бир жыл мектепте кармап калуу эмес. Башкы вазийпа – биринчи класста алты жашынан тартып окутуу. Азыр 6 жаштагылардын жарымы мектепте окуп, жарымы али бара элек. Ошондуктан эң биринчи тапшырма – алты жашынан тартып балдарды мектепке окутууга жетишүү”, - дейт Сагадиев.

Сагадиев ошондой эле административдик чыгымдарды азайтуу үчүн ири шаарларда “киши башына каржылоону” киргизүү пландаштырылып жаткандыгын кабарлады. Ага ылайык, мектептердеги окуучулардын саны канчалык көп болсо, каржылоого ошончолук арбын акча бөлүнөт.

Чиновник эгер бул демилге ишке ашса, чыгымдар кескин азайып, мектеп админстрациясы бюджеттик каражатты сарамжалдуу пайдаланып баштайт деп эсептейт.

Видео

XS
SM
MD
LG