Ссылки доступа

Порошенко: Савченко Украинага кайтып келет


Орусияда соттолгон украин аскер кызматкери Надежда Савченко өз мекенине бир нече жумадан кийин кайтып келе алат. Бул туурасында Украина президенти Петр Порошенко билдирди.

«Президент учагы менин өкүлдөрүм менен бирге Надежданы Украинага алып келет деп терең ишенип турам. Менимче, бул украиналыктар үчүн өзгөчө майрам болот”, -деди Прошенко жергиликтүү телеканалдарга берген маегинде.

Украин лидеринин айтымында, Надежда Савченкону бошотуунун жол-жоболору 18-апрелде Путин менен болгон телефондук сүйлөшүү учурунда аныкталган. Ал украин консулуна Савченко менен түрмөдө жолугууга мүмкүнчүлүк берилгенин кошумчалады.

Кремль Прошенконун билдирүүсүнө комментарий берген жок. Буга чейин орус бийлиги Савченкону алмашуу жөнүндөгү макулдашуулардын бар экендигин четке кагып келген.

Бирок жактоочу Марк Фейгин Надежда Савченкону бир нече жумада Украинага кайтаруу мүмкүн деген президентинин сөзүнөн күмөн саноодо.

Эки журналисттин өлүмүнө тиешеси бар деген айып менен Орусия соту Надежда Савченкону 22 жылга эркинен ажыраткан. Ал баардык кинелерди четке кагып келет.

Киевде террорчулук үчүн күнөөлөнгөн орус жарандары-Евгений Ерофеева жана Александра Александровду сот 18-апрелде 14 жылга эркинен ажыраткан болчу. Ошондон кийин аларды Савченкого алмаштыруу жөнүндө атка минээрлер арасында сөз жүрүп баштаган. 21-апрелде украин тарап Савченкону өткөрүп берүү боюнча Орусияга кат жөнөткөн.

XS
SM
MD
LG