Ссылки доступа

Эрдоганга акарат келтирген журналист айып пулга жыгылды


Түркияда оппозициялык "Жумхуриет" гезитинин башкы редактору Жан Дундар президент Режеп Тайып Эрдоганга акарат келтиргендиги үчүн 10 миң доллар айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

ДПА агенттиги журналисттин адвокаты Бүлент Уткуга шилтеме жасап кабарлагандай, бул иш 2013-жылы түрк өкмөтүндө тутанган коррупция жаңжалы боюнча макалага байланыштуу козголгон. Бирок Стамбул шаардык соту чыгарган чечимдин себептери расмий маалымдала элек. Адвокат апелляциялык арыз менен жогорку инcтанцияга кайрыларын айтты. Дундар өзү “чындыктын бетин ачуу кылмыш болсо, биз андай кылмышты жасоону уланта беребиз” деп Твиттерде жазды.

Редакторго каршы дагы бир иш ачылган. Атап айтканда, ага жана басылманын Анкара бюросунун жетекчиси Эрдем Гүлгө өкмөттү төңкөрүү аракети деген айып тагылууда. Ал иш гезитте Сириядагы козголоңчу топторго Түркиядан курал-жарак жөнөтүлүп жатканы жөнүндө макала жарык көргөндөн кийин козголгон. Күнөөлүү деп табылса, журналисттер өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. Түркияда Эрдоганга акарат келтирүү деген айып боюнча 2 миңдей киши сот жообуна тартылууда. Сынчылар бул жол менен бийлик оппозициянын оозун жабууга аракеттенүүдө деп ырастоодо.

XS
SM
MD
LG