Юстиция министрлиги Гүлнарадан тышкары алты киши менен эки компаниянын үстүнөн арыз жазды. Ал эки компаниянын бири Takilant Ltd Гибралтарда катталган. Ээси өзбек президентинин тууганы деп айтылат.
Арыздын мазмуну баш кеңсеси Амстердамдагы Vimpelcom телекоммуникация компаниясындагы коррупцияга байланыштуу козголгон ишке тийиштүү.
Буга чейин Vimpelcom Өзбекстанда жемкорлук ишке аралашканын моюнга алып, АКШ менен Голландиянын антикоррупциялык органдарына 795 млн доллар жазана төлөөгө макул болгон.
АКШ расмийлери биринчи жолу Гүлнараны коррупцияга айыпташып, анын атын көрсөтүп, сотко кайрылышты. Ушу кезге чейин Гүлнара Каримова же Өзбекстан расмийлери пара алуу, коррупция, арам акчаны адалдоо жаатында үн катпай койгондуктан, АКШ 550 миллион долларды сот аркылуу төлөтүүнү максат кылды.
Ири паракорчулукка айыпталгандан кийин Гүлнара Каримова Өзбекстандын өзүндө да кысмакталат. 2014-жылы үй камагына алынып, ошондон бери анын тагдыры элге белгисиз.