Ссылки доступа

Казакстанда билим берүү тармагы жаңыланат


Казакстандын билим берүү жана илим министри Ерлан Сагадиев мектептерде бүтүрүү сынактары кайрадан киргизиле тургандыгын билдирди.

Анын айтымында, мектептердеги бүтүрүү жана жогорку окуу жайларга тапшыруу сыноолорун бириктирген Бирдиктүү улуттук тестирлөө (БУТ) — интеграциялык нукка бурулат.

— Анын мазмундуу болушуна көңүл бурулат. Мектепте өз интеллектуалдык деңгээлин арттыруу аркылуу гана тестке даярдануу керек болот. Ошондуктан балдарды тогузунчу класстан тартып эле колледждерге кууп жиберүүнүн кереги жок. Ал жакта окуу үчүн БУТ тапшыруу зарыл эмес. Ага тогузунчу, он биринчи класстан кийин деле тапшыра берсе болот. Эми биз колледж менен мектептен кийинки шарттарды теңдемекчибиз. Алардын бардыгы тесттен өтөт,-деп билдирди Сагадиев.

Буга чейин Казакстандын билим берүү жана илим министрлиги БУТ учурунда керектүү упайларды топтой албаган жалпы билим берүү мектептеринин бүтүрүүчүлөрүнө экинчи ирет “акы төлөп” БУТ тапшырууга уруксат берилет деп билдирген.

XS
SM
MD
LG