Ссылки доступа

Батыш Крымдын аннексиясын кабыл албайт


Батыштын алдыңкы беш өлкөсүнүн лидерлери Крымды Орусия аннексиялап алышын кабыл албай тургандыгын ачыкташты.

АКШ президенти Барак Обама, Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон, Франциянын президенти Франсуа Олланд, Германиянын канцлери Ангела Меркель жана Италиянын премьер-министри Маттео Ренци бул туурасында Ганновердеги Херренхаузен хансарайында өткөн жолугушуудан кийин билдиришти.

Лидерлер Минск келишими толук аткарылган учурда гана Орусияга каршы санкциялар алына тургандыгын дагы бир ирет бекемдешти.

Ак үйдүн басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчылары трансатлантикалык маанидеги актуалдуу маселелерди талкууга алган. Алардын пикиринде, Европада мыйзамсыз миграциянын кесепеттери олуттуу көйгөйгө айланууда. Аны комплекстүү жана туруктуу негизде чечүү зарыл. Бул НАТО менен Европа биримдигинин азыркы ишин улантуу жана миграцияны жараткан себептерден арылуу боюнча иш-аракеттерди күчөтүү дегенди билдирет.

Орусияда тыюу салынган “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу менен күрөшүү маселесинде лидерлер Ирак менен Сириядагы террорчулукка каршы коалицияны колдоп, бул топту жок кылууга ынтызарлыгын ырасташты.

XS
SM
MD
LG