Ссылки доступа

Обама: Путин Европа биримдигине доо кетиргиси келет


Орусия президенти Владимир Путин европалык биримдикти коркунуч катары кабылдап, ага доо кетиргиси келет. Мындай пикирин АКШ президенти Барак Обама CBS News каналына маек берип жатып билдирди.

Обама Европадагы мигранттардын кризисин мисал келтирди.

« Европа саясатына келтирилген оорчулуктарды, европалык биримдикти жоюуга чакырган өтө оңчул маанайдын күчөп баратышын айрым учурларда Путин мырзага окшогондор колдонуп жатышат”, - деди Обама. Америка президенти орусиялык лидерди НАТО менен ЕБ коркунуч туудурбай тургандыгына ынандырууга аракет кылгандыгын айтты.

«Ал жаңылышып жатат деп ойлойм. Мен ага күчтүү, бирдиктүү Европа кубаттуу, сырткы дүйнө менен алакасы бекем Орусия менен бирге иштесе, мына ушул туура чечим боло тургандыгын айттым. Антсе да ал дале буга толук ишене албай жатат”, -деди АКШ президенти.

Барак Обама Европага болгон иш сапарынын жыйынтыктарына токтолуп, мигранттардын кризиси менен террордук коркунучту чечүүгө «аныктоочу учур” келгендигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG