Ссылки доступа

Өзбекстан: балдарга жөлөк пул алуу үчүн металл калдыктарын тапшыруу керек


Фергана облусунун Риштан районунун бийлиги жаш энелерди Бекабад металлургия заводуна 50 килограммдан металл калдыктарын тапшырууга милдеттендирди.

"Азаттыктын" өзбек кызматына кайрылган аял 50 кг металл калдыгын чогултуп бербесең, балаңа жөлөкпул бербейбиз дешкенин айтып даттанган:

– Мен айыл чогулушуна 2 жашар балама жөлөк пул алуу үчүн документтерди тапшырууга баргам. Анан мага: “50 кг металл калдыгын алып келишиң керек”, - дешти. Мындай талапты биринчи угушум. Айласыздан макул болдум. Бирок үйдө металл жок болчу, анткени улуу балдарым өздөрү окуган мектепке болгонун алпарып салышкан. Араң 15 кг чогултуп барсам, “бул жетпейт, 50 кг алып кел” дешти. Эми биз металл чогулта албасак, жөлөк пулсуз калышыбыз керекпи?!

Мындан соң кабарчы өзүн балдарына жөлөк пул алган эне катары тааныштырып, Риштан районунда өткөрүлгөн айылдык чогулуштар менен байланышкан. Көрсө, аталган райондун махалля чогулуштары бир нече жыл бою элден жылына 1-1,8 тонна металл калдыктарын өткөрүүнү талап кылып келишкен экен. Махалля төрагаларынын бири билдиргендей, Риштан районунун “Ок ер” айыл чогулушу жеке аны акыркы төрт жыл бою жергиликтүү завод үчүн металл калдыктарын чогултуп берүүгө милдеттендирип койгон:

– Бизди да туура түшүнгүлө. Азыр биз балдарына жөлөк пул алчуларды колдонууга мажбурбуз. Биз аларга кандай болбосун жөлөк пул бербей кое албайбыз деңизчи. Антсе да металл чогултуп бергиле деп өтүнүп жатабыз. Анын мага кереги жок, “жогору жактан” келген тапшырма болуп жатат, бизди туура түшүнгүлө.

Буга чейин "Азаттыктын" өзбек кызматына мектеп окуучуларын, мугалимдер менен медайымдарды металл калдыктарын чогултууга мажбурлап жатышкандыгы туурасында көп эле кайрылуулар болуп келген.

XS
SM
MD
LG