Эми аларга Орусиядан убактылуу баш паанек бериле турган болду. Ал бир жылдык мөөнөткө берилип, кийин узартса да болот. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгы Тверь облусу боюнча Федералдык миграция кызматынын башкармалыгынан тийиштүү күбөлүктөрдү алышты.
"Бизге Орусиядан убактылуу баш паанек беришти. Колубузда бул жөнүндө расмий документтерибиз бар. Демек, үй-бүлөм коопсуз абалда. Орусия эми бизди кан күйгөн жерге кайтарып жибербейт”, - деп качкындар кубанышууда.