Жекшемби күнү Казакстандын Атырау шаарында жүздөгөн адамдар митингге чыгып, жердин сатылышына каршылыгын билдиришкен. Митингди мыйзамсыз деп атаган бийлик өкүлдөрү, бирок аны таратуу максатында күч колдонушкан эмес.
Казак президенти Нурсултан Назарбаев өлкөнүн башкы прокурору Асхат Даулбаевди кызматынан бошотуп, анын ордуна Жакып Асановду дайындады. Президент “Жер кодексине” киргизилген өзгөртүүнү калкка түшүндүрүүнү тапшырды.