Ссылки доступа

АКШ: ИМ экстремисттик тобуна кирүүчүлөрдүн саны кескин кыскарууда


АКШ армиясынын генералынын айтымында, Ирак менен Сириядагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун катарына кошулуп жаткан чет элдиктердин саны былтыр кескин азайган.

Генерал-майор Питер Герстен Пентагондогу отурумда билдиргендей, ал былтыр Багдадга келген учурда экстремисттердин катарына ай сайын бир жарым-эки миң адам кошулуп жаткан эле. Азыркы тапта бул көрсөткүч эки жүз адамга чейин кыскарды. Ал согуш майданынан качкандардын саны да артып жаткандыгын белгиледи.

Генералдын айтымында, чет элдик коалиция аталган топтун каржы булактарына бөгөт коюуга аракет жасап, мына ушундай ийгиликке жетишти. Согушчандар жайгашкан жерлерге 20 жолу сокку уруу менен 800 миллион доллар чамасындагы акчалай капитал жок кылынган. “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жалданма согушчандарга акча төлөй албай калышы алардын дымагынын басаңдашына түрткү болууда. «Биз алардын согуша албай калгандыгын байкап жатабыз», - деп билдирди ал. Генерал Ирак менен Сириядагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун катарында канча адам бар экендигин айта алган жок. АКШ жетектеген коалиция экстремисттер жайгашкан аймактарды 2014-жылдын августунан бери бомбалоодо.

XS
SM
MD
LG