Ссылки доступа

Өзбекстандын пенсионерлери накталай акча алалбай жатышат 


Өзбекстандын батышындагы Нукус шаарында улгайган адамдар түндөн тартып эле банктарда пенсиясын алуу үчүн кезекке туруп жатышат. Бирок нак акча бардыгына жетпей түгөнүп калууда.

Нукус шаарынын 67 жаштагы тургуну маалымдагандай, ал бир жума бою пенсиясын алалбай койгон. Айтымында, таң атпай банкка барганы менен ал жакта узун кезек түзүлүп калган болот. Анан кезек жеткенче акча түгөнүп калып жатат.

Пенсионерлер билдиргендей, бардык акчалар пластик карталарга которулган. Банк менен түзүлгөн келишимге ылайык, акчанын 40 пайызы накталай түрүндө берилиши керек. Алар банк бөлүмдөрүнүн жанында түнкү экиден баштап кезек алууга мажбур болуп жатышат. Таң атканда ар кандай чыр-чатактар да орун алууда.

Накталай акча жетишсиз болуп жаткан учурда маяналарды, пенсияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү массалык түрдө банк карталарына өткөрүү беймаани иш экендиги анык. Өлкөдө төлөм терминалдары жетишсиз, банкоматтар таптакыр жок болгон шартта нак акча алуу үчүн эл баш-аягы көрүнбөгөн кезектерге турууга мажбур болууда.

XS
SM
MD
LG