Ссылки доступа

Каримов: Москва Ооганстандагы жарашуу жараяндарына катышуусу керек


Өзбекстан президенти Ислам Каримовдун пикиринде, Ооганстандагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө Орусияны тартуу керек.

Кечээ ал Владимир Путин менен жолугушту. Каримов Шанхай кызматташтык уюму Ооганстандагы аскердик жана саясий тирешүүлөргө киришпеси керектигин билдирди.

“Талибан” кыймылы менен ооган өкмөтүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр жалпы аймак үчүн маанилүү экендигин баса белгиледи. Акыркы айларда Кабул, Пакистан, Кытай жана АКШ элдешүү жараянын баштоого аракеттенүүдө. Бирок азырынча жыйынтык чыкпай келет.

Путин Өзбекстан менен Орусия эл аралык антитеррордук уюмдун түзүлүшүн кубаттай турганын ачыктады. Каримов Москвага эки күндүк иш сапары менен 25-апрелде келген.

XS
SM
MD
LG