Ссылки доступа

Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңеш төрагасы болуп шайланды


Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында социал-демократтардын лидери Чыныбай Турсунбеков спикер болуп шайланды. Анын талапкерлигин жыйынга катышкан 120 депутаттын 88и колдошту. Исхак Масалиев 26 добуш алды. Баарына каршы үч добуш берилген. Дагы үч бюллетень жараксыз деп табылды.

Спикер тандоо жашыруун добуш берүү аркылуу өттү. Добуш берүүнүн ачыктыгын камсыздоо үчүн он эки депутаттан турган эсептөө комиссиясы түзүлдү. Талапкер Исхак Масалиев шайлоо ачык өткөнүн билдирди. Парламент спикерлигине “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан Исхак Масалиев, КСДП, “Ата Мекен”, “Республика - Ата Журт”, “Кыргызстан” фракцияларынан Чыныбай Турсунбеков көрсөтүлгөн эле.

13-апрелде мурдагы спикер Асылбек Жээнбеков агасы Сооронбай Жээнбековдун премьер-министр болуп дайындалгандыгына байланыштуу отставкага кеткен. Мыйзам боюнча туугандар бир эле учурда өлкөдөгү жогорку кызматтарды ээлеп туруу укугуна ээ эмес.

XS
SM
MD
LG