Ссылки доступа

Иранда төрт журналист абакка кесилди


Төрт ирандык журналист улуттук коопсуздукка каршы аракеттенген деген айып менен 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө абакка кесилди. Бул  тууралуу алардын жактоочулары кечээ ирандык мамлекеттик маалымдоо каражаттарына билдирген.

Журналисттерди ноябрда Ирандын мамлекеттик маалымдоо каражаттары “АКШ менен Улуу Британиянын өкмөттөрүнүн жашыруун түйүнүнө” тиешеси бар деп атаган. Бул көрсөтүүдөн кийин алар камакка алынган.

Баяндамачы Давуд Асади - 10 жылга, журналист Афарин Читсаз — 5 жылга, Farhikhtegan иран күндө чыгуучу гезитинин башкы редактору Ихсан Мазандарани – 7 жылга кесилди. Дагы бир журналист Саман Сафарзай беш жылга эркинен ажыратылды. Камакка алынган бешинчи журналист Исса Сахархизанын тагдыры белгисиз.

Өлкөдө тыюу салынган “Афтаб” басылмасын башкарган Исса Сахархиз реформачыл президент Мохаммад Хатаминин тушунда Ирандын маданият министрлигинин журналисттик кеңсесин жетектеп турган.

Өткөн декабрда жүзгө жакын иран журналисттери аталган кесиптештерин бошотууга чакырган петицияга кол койгон. Алар калемгерлерге тагылып жаткан айыптар “жүйөсүз жана бир жактуу” деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG