Ссылки доступа

Казакстанда жерди чет элдиктерге берүүгө каршы дагы митингдер өтүп жатат


Актөбе жана Семей шаарларында жерди сатууга жана чет элдиктерге ижарага берүүгө каршы 27-апрелде ондогон адамдар митингге чыканын активисттер социалдык тармактарда кабарлап, сүрөттөрдү жарыялашты.

“Азаттык” радиосунун казак кызматы укук коргоочу Ольга Климоновага таянып кабарлагандай, Актөбөдөгү акция президенттин багында өтүп жатат. Митинг жөнүндөгү маалымат уюлдук тиркемеден таратылган. Ал тапта президенттин багына барчу жолду күч кызматкерлери тороп коюшту.

Казакстанда Жер кодексине былтыр киргизилген өзгөртүүгө ылайык, 1-июлдан тарта айыл чарба багытындагы жерлер узак мөөнөткө сатылары жана чет элдиктерге 25 жылга ижарага берилери айтылган. Буга каршы эл нааразылыгын билдирүүдө.

Жаңы-Өзөндө да жергиликтүү тургундар ушул талаптар менен 30-апрелде митинг өткөрүүнү пландаган. Бирок акимчилик ага уруксат бербей койгонун "Азаттыктын" казак кызматы активисттерге таянып билдирди.

Жекшемби күнү Атырау шаарында жүздөгөн адамдар митингге чыгып, жердин сатылышына каршылыгын билдиришкен.

Президент Назарбаев 26-мартта жер сатылат деп чуу көтөргөн “чагымчылардын” бетин ачып, жазалоо керектигин белгилеген.

XS
SM
MD
LG